Алфагин сироп 120 мл.

Алфагин сироп 120 мл.

Алфагин –  булл дарынын курамына таасир берүүчү өсүмдүктөр кирген, комплекстүү өсүмдүк препараты болуп саналат.

Женьшень   чарчоону бошотот жана стресс  таасирин азайтат,  акыл-эс жана дененин күч кубаттуулугун жогорулатат, кулактагы ызы-чууну азайтып, көздүн көрүшүн жакшыртат. Женьшеньде жалпы күч кубат берүүчү касиеттери бар болгондуктан, булл узак мөөнөттө ооруп чыккан, же болбосо, операциядан кийинки адамдардын калыбына келүүсүндө керектөлүүчү абдан баалуу өсүмдүк болуп саналат.

 

Сибирь Женьшень стимулдоочу жана калыбына келтирүүчү касиеттерге ээ. Баш-мээнин кыртышындагы кандын айлануусун жакшыртуу менен акыл-эстин иш аракетине жакшы түрткү болот. Булчуңдардын иш-жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Кан тамырларды кеңейтүү жана ички кан тамырларындагы алмашуу процессин нормалдаштыруусу менен жүрөк системасына жакшы таасир берет, атеросклеротикалык май түтүкчөлөрүнүн пайда болушун токтотот.

Дарылуу Эмблика тамак-аштын сиңирүү процессин жакшыртат жана аппетитти көтөрөт, эритропоэзти дүүлүктүрөт, белокторду биосинтездейт, мезенхимдин кыртышында пайда болгон  кайра калыбына келтирүүчү – сөөк дентинин жана коллагенди пайда кылат. Чоң биологиялык активдүү,  табигый жана антиоксиданттык касиеттери бар витамин С ни өзүнө камтыйт.  Иммуномодулдоочу таасир берет

Себилүүчү Люцерна  туз кислотасы жана пепсиндин иштеп чыгуусун күчтөндүргөндүктөн, аппетитти көтөрөт. Жалпы күчтөндүрүүчү касиети бар, өзгөчө суук тийүү ооруларынын жана башка жугуштуу оорулардын алдын алууда.  Стресске туруктуулукту күчөтөт, депрессияда, кату чарчаганда жардам берет. Атеросклерозду алдын ала эскертип, сапониндер кандагы көтөрүлгөн холестеринди төмөндөтүүгө жардам берет, жүрөк кан-тамырлар системасын бекемдетет. Хлорофилге бай болгон люцерна, ар кандай себептер менен пайда болгон кандын аздуулугун дарылоого көмөк көрсөтөт.

Грек пажитниги– жалпы кучтөндүрүүчү жана тонизациялоочу касиеттерге ээ. Жалпы панкриатикалык секрецияга дем берет, тамак-аштын сиңирүүсүн жакшыртат.  Гемоглобиндин деңгээлинин көтөрүлүүсүнө жардам берет.

Жалпы тонизациялоочу осүмдүк  даарысы

  • Акыл-эс жана физикалык күч-кубаттуулукту жогорулатат.
  • Нервдин чыңалуусун, чарчоону жана талыгууну төмөндөтөт.
  • Организмдин стресс факторлоруна каршы туруусуна түрткү берет.
  • Организмдеги коргоочу күчтөрдү активдештирет жана иммунитетти чыңдайт.
  • Аппетитти көтөрөт.
  • Оорудан кийин бат сакайып кетүүгө жана оорудан кийинки абалды жакшыртууга көмөк түзөт.
  • Жалпы күчөтүүчу жана антиоксиданттык касиеттерине ээ.

5 мл ширеде

  • Женьшень                             25 мг

Экстрактар:

  • Сибирь женьшени    100 мг
  • Себилүүчү Люцерна                       250 мг
  • Дарылоочу Эмблика            400 мг
  • Грек Пажитниги                  250 мг
  • Чарчоо
  • Неврастения
  • Психикалык чарчоо
  • Начар тамактануу
  • Гериатрикалык оорулар
  • Сакайуу мезгилинде
  • Анорексия

Чоңдор үчүн: күнүнө 2маал 1-2 чай кашыктан

12 жаштан өйдө жаш балдарга:күнүнө 2маал 1 чай кашыктан

Даарыны эртең менен жана кечинде тамактан кийин ичүү керек.

Дарылоо мөөнөтү 30күн.

Шире, 120 жана 150 мл

Skip to toolbar
Developed by WEBKITCHEN agency