Линкас Бальзам

Линкас Бальзам

ЛИНКАС БАЛЬЗАМЫ – Суук тийгенде колдонулуучу айкалыштырылган препарат, Препараттык фармакологиялык таасири анын компоненттеринин касиеттери менен шартталган.

Ментол, аны териге сыйпаганда муздоо сезими менен коштолуп, нерв учтарынын дүүлүгүшүнө алып келет, ошону менен бирге жергиликтүү ооруну басуучу таасир берет. Ошондой эле сезгенүүгө каршы жана антисептикалык касиеттерге ээ. Ингаляцияларда какырык чыгаруучу жана муколитикалык таасир бериши байкалат.

 

Эвкалипт майы бактерициддик, вируска каршы жана фунгициддик таасир берет. Териге сыйпаганда жергиликтүү дүүлүктүрүүчү жана ооруну басуучу таасир берет. Жеңил жергиликтүү анестезиялоочу таасир бергендиктен теринин кычышуусун басат.. Ингаляциялоодо колдонгондо какырык чыгаруучу, муколитикалык жана антигипоксиялык таасир берет.

Камфора  антисептикалык, жергиликтүү дүүлүктүрүүчү, анальгетикалык жана сезгенүүгө каршы таасир берет. Теринин нерв учтарын дүүлүктүрүп, рефлектордуу органдардын жана ткандардын трофикасын жакшыртат. Баш мээнин дем жана тамыр кыймылдатуучу борборлорго дүүлүктүрүүчү таасир берет.

Скипидар майы жергиликтүү дүүлүктүрүүчү, дүүлүктүрүүчү жана трофикалык таасир берет.   Ингаляциялоодо колдонгондо какырык чыгаруучу, муколитикалык таасир берип, жөтөлдү рефлектордуу жакшыртат.

Чеге гүл майы  антисептикалык, сезгенүүгө каршы жана бактерициддик таасирге ээ эвгенолду камтыйт. Булчуңдардагы алмашуу процесстерин жакшыртат, аны менен булчуңдардагы ооруну басат.

Препараттын курамына кирген дары майларынын ылайыктуу айкалышы  сезгенүүгө каршы, ооруну басуучу, бронхторду кеңейтүүчү жана муколитикалык таасирди камсыз кылат.

 

  • Суук тийүүнүн жана грипптин симптомдорун жеңилдетет .
  • Какырыкты суюлтат, жөтөлдү азайтат.
  • Мурун бүтөшүн жана көкүрөктө какырыктын туруп калышын жоет.
  • Баш ооруну жана булчуң ооруну басат.

1 г май төмөнкүлөрдү камтыйт

активдүү заттар:

  •  ментол                                200 мг
  • эвкалипт майы                   60 мг
  • камфора                              70 мг
  • скипидар майы                  20 мг
  • чеге гүл майы                     40 мг
  • Жөтөл, ринит жана булчуң оорулары менен коштолгон курч респиратордук оорулар
  • Көкүрөктөгү начар бөлүнүнп чыгуучу какырыктын топтолушу (бронхитте, трахеитте, пневмонияда).

Суук тийүү менен байланышкан жөтөлдө көкүрөккө, аркага жана моюн терисине май сыйпалат.

Мурун бүткөндө мурундун канаттарынын терисине май сыйпалат.

Баш ооруганда май чыкыйга май сыйпалат.

Булчуңдар, бел ооруганда ооруган жерлерге май сыйпалат.

Жакшы эффекте жетүү үчүн үстүнө жылуу ороп коюу керек.

Өтө катуу суук тийгенде препаратты  ингаляция түрүндө колдонулат: 1 литр ысык сууга 1/2 чай кашык бальзамды эритип, буусун терең дем алуу керек. Аралашманы кайра жылытууга болбойт.

Ингаляцияны чоңдорго гана колдонуу керек.

Күнүнө 3-4 жолу колдонууга болот. Дарылоо курсу 5 – 7 күн.

Флакондо  25 г май

Skip to toolbar
Developed by WEBKITCHEN agency