Линкас Плюс Экспекторант

Линкас Плюс Экспекторант

Сары  мөмөлүү Паслен жөтөлдү жумшартат жана какырыктын тез чыгышына шарт түзөт.

Аллергияга каршы таасирге ээ .

Тамырлуу Адхадота  муколитикалык (секреттин коюлугун жана илээшкектигин төмөндөтөт), сезгенүүгө каршы, бронхолитикалык (дем алууну жеңилдетип, бронхтордун карышын жоет), какырык чыгаруучу жана астмага каршы касиетке ээ.

 

Жөнөкөй кызыл мыянын тамырларында глицирризин, глицирризин кислотасы камтылат, анын калий жана кальций туздары иммунитетти жакшыртуучу,  антиоксиданттык, какырык чыгаруучу, спазмолитикалык, сезгенүүгө каршы жана аллергияга каршы касиеттерге ээ.

Кадимки Базилик бактерициддик, спазмолитикалык, анестезиялык жаан сезгенүүгө каршы касиетке ээ. Дем алууну жакшыртат, Жалпы организмдин тонусун жогорулатат.

Жазы жалбырактуу Кордия  антисептикалык, ооруну басуучу жана спазмолитикалык таасир берет.

Узун калемпир антисептикалык, сезгенүүгө каршы жана какырык чыгаруучу касиетке ээ.

Дары Алтеи каптоочу, жумшартуучу, какырык чыгаруу, сезгенгкаршы таасир берет. Өсүмдүк былжырлары былжыр челди жука катмар менен каптайт, ал узак убакытка чейин сакталат жана анын дүүлүгүшүнөн сактайт.

Бадьян мөмөлөрү муколитикалык жана ысыкты төмөндөтүүчү таасир берет.

  • Көкүрөктө какырыктын туруп калышын жана узак мөөнөттүү жөтөлдү жоет.
  • Илээшкек какырыкты суюлтат жана анын дем алуу жолдорунан чыгырына көмөктөшөт.
  • Бронхтордун шишишин жана сезгенүүсүн төмөндөтөт.
  • Дем алууну жакшыртат, жалпы организмдин тонусун жогорулатат.
  • Кекиртектин жана бронхтордун былжыр челине жергиликтүү антисептикалык таасир берет.
  • Какырык чыгаруучу, муколитикалык жана антисептикалык, бронхолитикалык жана спазмолитикалык касиети

Ар бир 10 мл сироп төмөнкү экстракттарды камтыйт:

активдүү заттар:

  • Сары мөмөлүү Паслен                    30 мг
  • Тамырлуу Адхатода                        70 мг
  • Жөнөкөй кызыл мыя                       15 мг
  • Кадимки Базилик                            30 мг
  • Жазы жалбырактуу Кордия            10 мг
  • Узун калемпир                                 10 мг
  • Дары Алтеи                                      15 мг
  • Бадьян                                                50 мг

Төмөнкү ооруларда көкүрөктө какырыктын туруп калышын жоюу жана натыйжалуу жөтөл үчүн колдонулат:

  • Суук тийүү, аллергиялык реакциялар жана «тамеки тартуучунун» жөтөлү
  • Үстүңкү дем алуу жолдорунун инфекциялары (ларингофарингит, синусит, трахеит жана ангина)

Чоңдорго: күнүнө1 чон кашыктан  (10 мл) 3 жолу

Балдарга (6 жаштан 18 жашка чейин): күнүнө 1 чай кашыктан (5 мл) 3 жолу

Тамак ичүүмаалына карабастан препаратты колдонууга болот.

Дарылоо курсу  5-7 күн

Флакондо 120 мл сироп.

Skip to toolbar
Developed by WEBKITCHEN agency