Линкас сироп 90 мл,120 мл

Линкас сироп 90 мл,120 мл

Линкас сиропу – айкалышкан препарат, анын таасири компоненттеринин касиети менен шартталган.

Тамырлуу Адхадота  муколитикалык (секреттин коюлугун жана илээшкектигин төмөндөтөт), сезгенүүгө каршы, бронхолитикалык (дем алууну жеңилдетип, бронхтордун карышын жоет), какырык чыгаруучу жана астмага каршы касиетке ээ.

Узун калемпир пиперин алкалоидин камтыйт; антисептикалык, сезгенүүгө каршы жана какырык чыгаруучу касиетке ээ.

Жазы жалбырактуу Кордия  антисептикалык, ооруну басуучу жана спазмолитикалык таасир берет.

Дары Алтеи протектор катары таасир берет, калың сезгентүүчү өңөрдү жумшартат (мисалы, кекиртектеги былжырдагы өңөр), какырык чыгаруучу жана сзгенүүгө каршы таасир берет.

 

Жөнөкөй кызыл мыянын тамырларында глицирризин, глицирризин кислотасы камтылат, анын калий жана кальций туздары иммунитетти жакшыртуучу,  антиоксиданттык, какырык чыгаруучу, спазмолитикалык, сезгенүүгө каршы жана аллергияга каршы касиеттерге ээ.

Чоң Калкан күчтүү какырык чыгаруу каражат болуп эсептелет.  Эфир майларын, камферидди, галангинди жана альпининди камтыйт.

Дары Иссоп диосминди камтыйт жана какырык чыгаруучу, тердетүүчү, аллергияга каршы, спазмолитикалык жана диуретикалык касиеттерге ээ.

Жытту Фиалка  микробко каршы таасир берет. Ысыкты төмөндөтүүчү (метилсалицилатты камтыйт), тынчытуучу, спазмолитикалык жана  сезгенүүгө каршы касиеттерге ээ. Жөтөлдү жумшартат,  дүүлүгүнү басат жана какырыктын тез чыгышына көмөктөшөт.

Кадимки Зизифус витаминдерди (А, В, С, b- каротин), аминокислоталарын, микроэлементтерди, майларды, органикалык кислоталарды камтыйт. Какырык чыгаруучу, сергитүүчү жана антибактериалдык касиеттерге ээ, тамактын оорушун азайтат. Үстүңкү дем алуу жолдорунун сезгенүү процесстеринде (ларингитте, трахеитте, бронхитте).жумшартуучу жана какырык чыгаруучу таасир берет.

Гүлдүү Оносмапри ысыкты төмөндөтүүчү жана сергитүүчү таасир берет, энтигүүнү төмөндөтүүгө көмөктөшөт.

  • Жөтөл симптомунун интенсивдүүлүгүн төмөндөтөт
  • Кургак жана дүүлүктүргөн жөтөлдө жумшартуучу таасир берет.
  • Какырыктын чыгышын жеңилдетет.
  • Сезгенүүгө каршы, спазмолитикалык жана  бронхолитикалык касиетке ээ
  • Дем алууну жеңилдетет.
  • Интоксикациянын симптомдорун жеңилдетет.
  • 6 айдан баштап жана андан улуу балдарга колдонуу клиникалык жактан тастыкталган.
  • Даамдуу даамы бар, спиртти камтыбайт.

10 мл сироп төмөнкү экстракттарды камтыйты:

  • Тамырлуу Адхатода 600 мг
  • Узун калемпир 100 мг
  • Жазы жалбырактуу Кордия 100 мг
  • Дары Алтеи 100 мг
  • Кадимки Зизифус 100 мг
  • Гүлдүү Оносма 100 мг
  • Жөнөкөй кызыл мыя 75 мг
  • Дары Иссоп 50 мг
  • Чоң Калган 50 мг
  • Жыттуу Фиалка 25 мг
  • Жөтөл жана суук тийүү
  • кургак жана дүүлүктургөн жөтөл
  • астма жана бронхит (курч жана өнөкөт) менен байланышкан жөтөл
  • Фарингит, трахеит жана ангина

Чоңдорго: күнүнө  2 чай кашыктан  (10 мл) 3-4 жолу

Балдарга: күнүнө  1 чай кашыктан (5 мл) 3-4 жолу

Ымыркайлар 6 айдан 1 жашка чейин:  күнүнө  ½ чай кашыктан  (2,5мл) 3-4  жолу же дарыгердин жазып бергенине жараша

Дарылоо курсу – 5-7 күн.

 

Флакондо 90, 120 и 150 мл сироп

Skip to toolbar
Developed by WEBKITCHEN agency