БАЛАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ. КӨТӨРҮЛГӨН ТЕМПЕРАТУРАНЫ КАНТИП ТҮШҮРСӨ БОЛОТ?

Балдардын көтөрүлгөн температурасы, өзгөчө, жаш балдардын температурасы, ар дайым чоң кишилердин тынчсыздануусун пайда кылат. Кайсы бир энелер ылдамдап, чөп каражаттарынын жардамы менен температураны түшүрүүнүн аракетин кылып башташат, ал эми кээ бирөөлөрү элдик медицинанын коопсуз каражаттарын пайдалануунун аракетин кылышат.

Температураны түшүрүш керекпи?

Температуранын көтөрүлүүсү, организмдин иммундук системасынын инфекциялык ооруларга болгон каршылык реакциясы болуп саналат. Дененин ысуусун организмдеги коргонуу функциясынын “жандануусуна” теңесе болот. Ал кирип келе жаткан вирустарга каршы туруп, кандын айлануусун ылдамдатып, “араң жан” болгон ткандарды “ойготуунун” аракетин кылып баштайт. Ошондой эле, бактерия менен вирустар үчүн жагымсыз чөйрөлөрдү жарата баштайт.

Жасалма жол менен (исскуственно) температураны түшүрүү – бул организмдин инфекцияларга болгон каршылык функцияларын басуу менен барабар.

Качан температура 38.5°C га жеткен маалда аны түшүрүп баштоо абалдын талабы десек болот. Температуранын нормативдүү чегинин ичинде баланын абалына көзөмөл кылууну улантуу зарыл. Эгерде бала ысыктыкты жакшы көтөрсө, анда аны сөзсүз эле жоготуунун аракетин баштоонун кереги жок. Качан, бала, көтөрүлгөн температурага (колу-буттары калтырап, чыйырканып, карышып), же болбосо, чындап эле, оору белгилерине (нерв системалары, жүрөк, бөйрөк, өпкө) жаман реакция кылып баштаса, мындай безгек оору адамдын абалынын курч өзгөрүүсүнө алып келет.

КӨТӨРҮЛГӨН ТЕМПЕРАТУРАНЫ КАНТИП ТУУРА ТҮШҮРСӨ БОЛОТ?

Баланын денесинин температурасын түшүрүш үчүн түз эле ысыктыкты түшүрүүчү (жаропонижающие) медикаментоздук каражаттарды колдонуп баштоонун кажети жок. Алгач, үй шартындагы эле бир аз керектүү ыкмаларды жасап көрүңүз:

Комнатаны абанын температурасынан төмөнүрөөк деңгээлге чейин желдетиңиз, анын үстүнө, оорулуу дененин ысык бөлүп чыгаруусу адаттагыдан жогору болот. Оорулуу бала жаткан бөлмөнүн оптималдуу температурасы +18+20ºC болот.

Абанын нымдуулугун байкаштырыңыз – бөлмөдөгү кургак аба денедеги суунун азайышына өбөлгө түзөт, сезгенген былжыр кабыкчаларынын кургашына алып келет. Эгерде абаны нымдаштыра турган атайын жабдык жок болсо, анда, жок дегенде, нымдуу кол жоолуктарды илип коюңуз.

Балага башка кийим кийгизиңиз – кээ бирде өтө жылууланган кийим кийгендиктен да температура көтөрүлүшү ыктымал. Тап көтөрүлгөн маалда жеңил ич кийим, майка менен жүрүү деле жетиштүүболот. Эгерде бала бир жолку колдонулуучу жалаяк (подгузники) менен жүргөн болсо, аны чечип коюу керек.

Баланы керебетке жаткырып, көп, ары-бери жүгүрүүсүн токтотуңуз, анткени, ал учурда дене көп жылуулук чыгарат. Ошондуктан, баланын тынч, бир калыптагы абалда болуусуна көз салыңыз.

Денеңизди, көбүрөөк, суюктук менен камсыздаңыз. Качан активдүү тердеп, ошондой эле, ылдам-ылдам заара ушатып баштаганда тап (теплоотдача) күчөйт. Ошондуктан, денеге көбүрөөк суюктук керек болот. Суюктук жылуу, жок дегенде, бөлмө температурасы менен барабар болуусу керек. Бирок, ысык эмес! Балага суу, чай, компот, шире (сок) берсе болот. Мындайда, көпчүлүк учурларда сунушталган, малина менен ит мурундун сорполорунан абайлагыла. Анткени, малина тер чыгарууну күчөтөт, ал эми, ит мурун заара чыгарууну көбөйтүп баштайт. Ошондуктан, малина менен ит мурунду берүүдөн мурун, баланы жакшылап суусунун кандырып алуу зарыл.

Дененин температырасын түшүргөнгө капустанын жалбырагы жакшы жардам берет. Бул каражатты эч коркпостон, ал тургай, эмчектеги балдарга да берсе боло берет. Ал үчүн жаңы жалбыракты баланын башына жабыштырып, үстүнө жука топу кийгизип коюу жетиштүү болот. Бир сааттан кийин жалбыракты алмаштырып коюңуз.

Бал – курамында салицил кислотасы жана анык тер чыгара турган эффекти бар натуралдык каражат болуп саналат. Балдын кошумча касиети катары анын вирустарга жана бактерияларга каршы иштегени эсептелет. Эгерде балада аары өндүрүшүнүн продукцияларына аллергиялык реакциясы жок болсо, анда ага бериле турган бир стакан сууга же жылуу чайга 1 чай кашык бал кошуп бериңиз.

Баланын денесине дары-дармек сыйпоо, сүртүү (растирание) жасаса болобу?

 

Педиатрлардын пикири боюнча, дене температурасы көтөрүлгөндө, балдардын денесин  уксустун кошулмасы (раствору), спирт же муздак суу менен, категориялык түрдө сүртүү кылууга кеңеш берилбейт. Мындай аракеттер перифериялык кан тамыр түтүкчөлөрүнүн спазмына (кысылып калуусуна)алып келиши ыктымал.

Тап берүү процесси тери катмарларындагы кан тамырлардагы кан айлануунун активдүүлүгү менен тыгыз байланыштуу. Тери муздак нерсе менен контакка киргенде сөзсүз түрдө кан тамырлардын кысылуусу, жыйырылуусу, кан айлануунун интенсивдүүлүгүнүн төмөндөөсү менен коштолот. Демек,жылуулук бөлүп чыгаруу да чектелет. Ал эми ички органдардагы температура болсо, тескерисинче, көтөрүлүп баштайт.

Баланын терисине уксустун кислотасы, спирт курамында болгон суюктуктарды сүрткөн маалда алар тери аркылуу денеге ылдам өтүп, баланын организминдеги ууланууну (интоксикацияны) пайда кылуусу мүмкүн.

Негизги (магистралдык) кан тамырлар өткөн (чаттагы, моюндагы, кежигедеги, чыканактын ички беттериндеги, тизелердеги)дене бөлүктөрүн бөлмө температурасындагы суу менен сүртсө, же болбосо, сууга чыланган пахта кездемесин башка төшөп койсо болот.

Балдардын температурасы көтөрүлгөндө медикаментоздук дары-дармектерди колдонуу

Эгерде жогорудагы айтылган ыкмалар температураны түшүргөнгө жардам бербесе, чөп дары терапиясын кошуу керек.Тап түшүрүүчү каражаттардын тандоо варианттары өтө эле кеңири, бирок, баардык эле препараттар балдар үчүн коркунучсуз эмес. Алардын колдонуу формалары (шире, таблеткалар, ректалдык шамдар) жана препараттардын өлчөмү педиатр тарабынан, баланын симптомдорунун мүнөзүнө, жашына жана  салмагына карап туруп, аныкталышы керек.

Кайсы учурларда дарыгерге кайрылуу керек?  

Эгерде:

  • Бир жашка чейинки балдардын температурасы ылдам көтөрүлө баштаса;
  • Безгек болгон балдардын колу-буту муздап баштаса – бул калтырак абалдын алгачкы симптомдору болушу мүмкүн;
  • Таптын көтөрүлүүсү чыйрыгуу, шалдыроо, ыйлоо, көңүл айныган абал жана жөөлүү менен коштолсо;
  • Температура 40,5°C дан жогору көтөрүлсө;
  • Калтыроо ич өтүү менен жана кусуу менен коштолсо.

 

Жогоруда келтирилген симптомдордун бирөө эле байкалса, сиз ошол замат медициналык тез жардам кызматына кайрылууңуз шарт.

Skip to toolbar
Developed by WEBKITCHEN agency