компания жөнүндө

Herbion International – жогорку сапаттагы табигый өсүмдүк дары-дармектерди иштеп чыгуу үчүн инновациялык изилдөөлөргө көңүл буруучу, 1983 жылы пайда болгон, динамикалуу өнүгүүчү фармацевтикалык компания. Компаниянын максаты – дары-дармектерди химиялык кошулмасыз, сапаттуу, натыйжалуу түрдө иштеп чыгып, фармацевтикалык базарга алып чыгуу болуп саналат.

Компания “Хербион”, саламаттык сактоо жаатында алдынкы катардагы иштеп чыгуучу болуп алып, талыкпастан, өсүмдүк чийки заттардын негизинде инновациялык дары-дармектерди жаратып, өндүрүп жана сунуштоо менен адамдардын жашоо сапатына олуттуу таасир көрсөтүүгө умтулууга берилген. Биз, 35 жыл иш үстүндө жүрүп, өзүбүздүн иш-аракетибизди дүйнөнүн 21 өлкөсүнө кеңейте алдык. 1997 жылдарга “Хербион” Пакистандын чек арасынан чыккан жана Көз Карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде (КМШ), б.а. мурунку Советтер Союзу өлкөлөрүндө өзүнүн маркетингдик жана соода-сатык иш-аракетин баштаган. Бүткүл КМШда өзүнүн ишкердигин акырындык менен кеңейтип, компания, Чыгыш Европа, Алыскы Чыгыш жана Түндүк Америка сыяктуу башка региондордо ийгилик менен өзүнүн ордун ээлеген. Бүгүнкү күндө, биздин дары-дармектер 3 континенттин 4 регионунда таанылып-көрсөтүлгөн.

Биз, 50дөн ашык өндүрүмгө ээ болуп алып, бул жетишкендиктен токтобостон, жаңысын ойлоп табып, ар дайым табигый өсүмдүк өндүрүмдү жакшыртуу менен бирге,

планета калкынын ден-соолугу боюнча камкордукка багытталган өзүбүздүн тапшырмабызды аткарууну улантып келебиз. Кесипкөйлөр, булар – догдурлар, провизорлор жана фармацевтер менен иштөөгө биз өзгөчө көңүл бурабыз. Бул кыраакы ык-амал, “Хердиондун” миллиондогон ыраазы болгон керектөөчүлөрү менен бирден-бир алдыңкы дүйнөлүк компаниялардын деңгээлине чейин ылдам өсүп-өнүгүүчү кыймыл күчү болуп саналат.

Herbion дары-дармектери, суук тийип калуунун белгилерин дарылоо, жөтөлдү жана сасык-тумоону, эркектердин сексуалдык ден-соолугун, тамак-аш, боор оорулары сыяктуу көйгөйлөрдү даарылоого багытталган.

Кандайдыр бир зыяндуу химиялык заттарды колдонуудан качуу менен табигый экстракттарды колдонуп, оптималду теңдемделген түзүм менен биздин бүткүл өндүрүмдөрдүн коопсуздугу камсыздалынат.

Өсүмдүк дары-дармектерин жасоо – терең байыркылыкка тамыры менен кирип кетүүчү чеберчилик болуп саналат. «Хербион» дары-дармектери каада-салттуу аюрведикалык рецепт боюнча жаралган. Миң жылдык тажрыйба жана салтка таянуу менен биз, эң эле өнүккөн технологияны колдонуп, заманбап дары-дармек каражаттарын жасайбыз. Бул деген салттардын жана технологиялардын биригүүсү.

Чийки заттан баштап, даяр өндүрүшкө чейин, өндүрүш процессинин бардык баскычтарында,  Herbion компаниясы ар дайым өзүнүн өндүрүмүнүн сапаты жөнүндө кам көрөт. Өндүрүлгөн дары-дармектердин сапаты жана өндүрүү каражаттары, эл аралык GMP стандарттарына туура келет.

Өндүрүүдө, жогорку квалификациялуу адистер иштөөчү, сапатты көзөмөлдөгөн бөлүм түзүлүп, туруктуу жана эффективдүү стандартташтыруу жана сапатты көзөмөлдөнү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган.

Өндүрүштө, ар дайым,өндүрүш процессинин жаңыланган жабдуулары жана заманбап жогорку технологиялары колдонулат. Программалык камсыздоонун бар болуусу дагы да болсо бардык өндүрүш иш-аракеттерин өз убагында жана сапатту аткарууга кепилдик берет.

Компания, дары-дармек өсүмдүктөрүн бөлүүчү заманбап, мыкты жабдылган жана автоматташкан системага ээ. Дары-дармек өсүмдүктөрүнөн алынган суюк экстрактарынын активдүү курамчаларын сактап калуу үчүн вакуум кургатуу жолу жүзөгө ашырылат.

Өндүрүш процессинин ар бир баскычындагы туруктуу көзөмөлдүн натыйжасында, компания, өндүрүлгөн дары-дармектердин эң мыкты сапатына кепилдик берет дегенибиз, өзүнүн башкы максатына жетүүгө мүмкүндүк берип, эффективдүү жогорку сапаттагы дары-дармек менен калктын талабын канаттандырат.

Компания, брендтерди жайылтуу, изилдөөлөрдүн негизинде жаңы продукцияларды өндүрүү жана жаңы базарларды ачуу жолу менен бар азыктардын үзгүлтүксүз мыктылап чогултуу процессинде турат. Заманбап өндүрүш бирикмеде өзүнүн статусун ийгиликтүү көрсөтүп, компания GMP күбөлүгүн, ошондой эле ISO 9001-2008, ISO 14000, ISO 22000 жана СЕ күбөлүктөрүн алган.  Бүткүл дүйнө жүзү боюнча миллиондогон ыраазычылыгын билдирген керектөөчүлөр менен ишенимдүү мамилелерди курууга, өзүнүн жыйындысында бардык келтирилген фактылар «Хербионго» мүмкүндүк берген, жана дагы, компания,берилгендиктин, ишенимдүүлүктүн жана сак-саламаттыктын  синоними болуп саналып келет.

Skip to toolbar
Developed by WEBKITCHEN agency