БРОНХИТ. ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ ЖАНА АНЫ ДАРЫЛОО

Бронхит – бул брохинин илээшме чел кабыктарынын былжыр секрециянын жогорулашы менен шартталган оору. Адатта бронхит жөтөлүнүн болушуна вирустук, бактериалдык жана кээде грибоктук козгогучтар себепкер болот.

Бронхиттин жеңил стадиясы өтө коркунучтуу эмес. Бирок жөтөлгө көңүл бөлбөй коюуга болбойт. Анткени өз убагында дарыланбаган баланын же чоң кишинин жөтөлү өнөкөт бронхит же пневмания сыяктуу жагымсыз жана коркунуч туудурган кошумча ооруларга өтүшүп кетиши мүмкүн.

Оорунун белгилери
Бронхитти байкоо ооручулукту түзбөйт. Бул ооруга төмөнкүдөй белгилер мүнөздүү:
• Тамак оору;
• Дене температурасынын жогорулашы;
• Кош көңүлдүк, апатия, тынчсыздануу;
• Энтигүү;
• Баш оору.

Бронхиттин негизги белгиси кургак дүүлүктүргөн жөтөл болуп саналат, ал анан башка мүнөздүү жумшак жөтөлгө өтөт. Жөтөл бронхилерде былжыр чогулушунан, ошондой эле кекиртек ткандарынын шишип жана сезгенип калышынан  улам пайда болот.
Дарыгер гана брохит оорусунун мүнөзүн аныктап жана так диагноз кое алат. Ошондуктан жөтөл пайда болгондо өз алдынча дарылоого болбойт. Так диагноз коюу жана дарылоо курсун аныктоо үчүн дарыгерге кайрылуу зарыл.
Бронхит өз убагында дарыланбаганда жана жетишээрлик көңүл бөлүнбөгөндө гана чоң көйгөйгө айланып кетишин билүү керек.

Бронхитти кантип дарылоо керек?
Бронхитти дарылоодон мурда, бардык эле жөтөлдүн түрүн бир каражат менен дарылоого мүмкүн эместигин түшүнүү зарыл. Көп нерсе ооруну козгогон себептерден көз каранды. Жөтөлдүн жаратылышын аныктагандан жана так диагноз коюлгандан кийин дарыгер антибактериалдык, вируска жана сезгенүүгө каршы каражаттарга негизделген дарылоо курсун белгилейт. Адистер инфекцияны басууга жана сезгенүү процессинжоюуга багытталган негизги препараттар менен бирге, симптоматикалык таасир этүүчү дары каражаттарын жазып берет. Ушул препараттарга сироптор, жөтөлгө каршы пастила жана көкүрөккө сыйпоочу майлар кирет.

Эреже катары, өсүмдүктөрдүн негизиндеги жөтөлгө каршы сироптор төмөнкүдөй таасир берет:
• Жөтөлдүн интенсивдүүлүгүн төмөндөтөт;
• Какырыкты жумшартат;
• Какырыктын чыгышын тездетет;
• Сезгенүүнүн токтошуна алып келет

Накта өсүмдүктөрдүн негизиндеги жөтөлгө каршы каражаттарды (сироптор, пастилалар, майлар) колдонууга каршы көрсөтмөлөр аз, ошондуктан балдардын жана чоң кишинин бронхитин дарылоого колдонууга болот.

Ошондой эле берилген препараттын дозаларына жана дарылоо мөөнөттөрүнө көңүл бөлүү зарыл.  Дарылоо аяктагандан кийин оорунун жүрүшүндө өтүшүп кетүү мүмкүндүгүнүн жоктугун аныктоо максатында адиске кайрылуу зарыл.

Skip to toolbar
Developed by WEBKITCHEN agency