ГРИПП ДЕГЕН ЭМНЕ ЖАНА АНЫ МЕНЕН КАНТИП КҮРӨШҮҮ КЕРЕК

Кышкы сууктар менен бирге бизге майрамдар эле эмес, ар түрдүү вирустар менен байланышкан көптөгөн көйгөйлөр да жаралып баштайт.

Грипп – бул баардык адамдар жылсайын,тигил же бул деңгээлде, “кагыша” турган оорулардын бири. Сезондук “жарылуулар” (вспышкалар) көп учурда адамдарды тынчсыздандырбай койбойт.

Грипп деген эмне? Бизэмне үчүн андан коркобуз? Ошондуктан, бул эң коркунучтуу кышкы оору тууралуу толугураак билүү керек болот.

Грипптен дарылануу жана анын өзгөчөлүктөрү

Аталган оорунун булагы болуп,албетте,вирустар эсептелет.

Вирус –бул тирүүматериянын клеткага чейинки өзгөчө формасы. Вирустук микроорганизмдин негизги айырмалуулугу болуп анын клетканыкындай капталчасы (стенкасы) жоктугунда, нуклеин кислотасынын бардыгында жана паразиттешүүгө абсолюттук ыңгайлашкандыгында.

Вирустар эч качан антибактериалдык препараттардын таасирине баш ийбейт. Так ушул себептүү грипп учурунда антибиотиктер эч пайдасыз  болуп калат.
Грипп – бул өтөылдам таркай турган, курч респиратордук вирустук инфекция. Грипп пандемия жана эпидемиянын өөрчүшүн чакырууга жөндөмдүү.

Грипптин көптөгөн түрлөрү жана түрчөлөрү болот. Дээрлик ар жылы ал ар кандай мутацияларга өтүп,улам бир жаңы уникалдуу формадагы касиеттери менен эл аралап баштайт.

Грипп өтөбийик контагеозносттуулугу менен айырмаланат. Бул  оору аэрогендик ыкмалар менен берилет. Аталган оору менен ар бир адам ооруп калуусу ыктымал. Бирок, булооруга өзгөчө кириптер боло турган адамдардын топторун бөлүп белгилесе болот:
• Мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар;
• Улгайган адамдар;
• Хроникалык оорулар менен жабыркаган адамдар (пацинеттер);
• Иммунодефициттүү деген статусу бар адамдар;
• Кош бойлуу аялдар.

Ошентсе да,дарыгерлердин эскертүүсү боюнча, бул оору менен ар бир, жогорку категоряларга кирбеген, бирок ден-соолуктары чың адамдар да ооруп калуулары мүмкүн. Ошондуктан, бул оорунун күчөп турган маалында эч бир адам сактык аракеттерин жоготпоолору керек. Өзгөчө маанини бул коркунучтуу вирустук оорунун алдын алуусуна (профилактика) бөлүү керек болот. Кокус, бул оору менен “кагышып”калган учурларда грипптен өзалдынча кутулуу үчүн каражаттарды издегенге болбойт. Оорунун алгачкы симтомдору пайдаболгондоэле дарыгерлерге кайрылуу зарыл. Кесипкөй гана туура диагноз коюп,грипптен кантип туура дарылануу жолдорун айтып бере алат.

Грипп менен жекеме-жеке

Грипп менен үйшартында кантип күрөшүүгөболот деген маселе көптөрүнкызыктырат. Бирок,арбир акыл-эси ордундагы адам түшүнүш керек – дары-дармекти дарыгерлер гана белгилеп,жазып бере алат. Анык вирустар менен өз алдынча дарылануу бул опурталдуу эле эмес, ал өтө коркунучтуу.Ошондуктан, бул оорунун мүнөздүү белгилери пайда болоор замат дарыгерге кайрылуукерек.

Грипптин пайда болгондугунан кабар берген белгилер (симптомдор):

  • Дене температурасынын тез көтөрүлүп кетүүсү;
    • Чыйрыгуу жана баш ооруу;
    • Муундардагы какшаган оору;
    • Алсыздык жана табиттин жоголушу.
    • Сууктоо, жөтөл, конъюнктивит.
    • Ич өтүү, көңүл айнуу.

Белгилеп коюучу нерсе, бул оорунун кайсы бир симптоматикалык картинасынын өзгөчөлүктөрү ошол ооруну чакырган вирустун түрүнө карата болот.

Вирусту толук куралдануу менен тосуп алуу

 

Грипптен жана башка инфекциялык оору-сыркоолордон жакшы сактануу – бул алдын алуу (профилактика).  Ар бир эстүү адам өзүнүн иммундук системасын сезондук вирустар жана башка инфекциялык оорулар менен каршы турууга даярдашы керек.
Дарыгерлер өз убагында ар түрдүү инфекциялага каршы вакциналарды алууга сунуштарды беришет. Ошондой эле, жеке иммунитетти колдоп турган, жеткиликтүү, айрым элдик каражаттар дагы бар.  Мисалга, ким активдүү туура жашоо образын жүргүзүп, туура тамактанууга көңүл бурса, физкультура менен спортко убакыт бөлсө, анда, аларда, башкаларга караганда, чың жана туруктуу иммунитети болот деп эсептелет. Бекем иммунитеттүү болуу үчүн көбүрөөк жашылча, жер-мөмө жемиш жеп, таза абада көбүрөөк жүрүү жана активдүү эс алууга көбүрөөк көңүл бөлүү сунушталат.

 

Оорудан сактанууга болот

Эгерде аймакта булоорунун жайылуусу белгиленсе, өтө активдүү алдын алуу (профилактика) иш-чаралары менен алектенүү сунушталат.

Белгилеп коюу керек, эпидемия учурунда вакцинация жардам бербейт. Бирок, ооруп калуу тобокелчилигин бир кыйла азайтууга толук мүмкүн. Ал үчүн бир нече жөнөкөй тартиптерди сактаганга туура келет:
• Коомдук жайларга көп каттоону токтотуу;
• Адамдар көп топтошкон жайларда медициналык бет капты пайдалануу.
• Көчөдөн келээр замат колдорду самындап жуу;

  • Оорулуу адамдар менен жолугушуулардан алыс болуу;
    • Жеке рациондогу натуралдык витаминдердин өлчөмүн көбөйтүү;
    • Дарыгер жазып берген профилактикалык каражаттарды колдонуу.

Албетте, вирус инфекцияларынын алдын алуу (профилактика) боюнча жүз пайыздык кепилдикти эч бир каражат бере албайт.  Ошондуктан, вирустук оорулар өөрчүп турган маалда өз организмиңизге өтө кылдат мамиле кылууңуз зарыл болот.

Ооруп калганучурда

Эгерде, болбой  эле, инфекциядан качуугаболбой калган шартта, чуу көтөрүп, ашыкча капа болуштун кажети жок. Эң биринчи, ооруп калган адам үй шартында, төшөккө жатып, медициналык дарыгерлерди жардамга чакыруусу керек болот. Мындай оору менен ооруп калган учурда жумушка, же бир, дагы башка жактарга барууну дароо токтотуу керек. Төшөккө жатуудан жана активдүү дарылануудан баш тартуу менен адам өтө коркунучтуу татаалдашууга кабылышы мүмкүн.

Skip to toolbar
Developed by WEBKITCHEN agency