Как облегчить детский кашель

Кичинекейбалдардынжөтөлү – бул өтө ыкчамдык менен чара көрө турган көйгөйлөрдүн бири. Жөтөлдү дарылоодогу башкы максат – дем алуу каналдарындагы какырыкчаны жумшартып, сыртка чыгаруу жана кайра-кайра жөтөлүүнү чакырган оору белгисин (симптомду) азайтуу.

 

Медикаментоздук жардам

Жөтөлүүнү пайда кылчу эң жайылган себептердин бири, бул – вирустук-бактериялык тектүү сасык тумоо оорулары. Аны жабышкак былжырчаларды эле чыгарып тим болбостон, балдардын тамагынын кыжылдашын жеңилдеткен препараттар менен жоготсо болот.

Мындай таасир (эффект) бере турган препараттардын түрлөрү бүгүнкү күндө фармакология рыногунда өтө көп. Бирок, балдардын ооруларын дарылоодо, негизинен, өсүмдүк негиздеги препараттарды тандоо максатка ылайык. Мисалга, кургак жана нымдуу жөтөлгө каршы, сезгенүүгө каршы компоненттери жетиштүү Линкас ширеси абдан жеңил жардам бере алат.Анын табыгий базалык жаратылышын эске алганда, керек болсо, алты айлык наристелерге да берсе болот.

Жөтөлгөкаршы элдик каражаттар

Булжерде комплекстүү мамиле гана жакшы жыйынтык бере алат. Кошумча каражаттар катары кесипкөйлөр төмөндөгүлөрдү сунуштайт:

  1. Суюуктук ичүү. Кургак жөтөлгө шалфейдин жалбырактарынан, бузина гүлдөрүнөн, жапайы чиенин кабыгынан, солодканын тамырынан жасалган өсүмдүк чайлары жакшы жардам берет. Бул дары суюктугун даярдаш үчүн 1 аш кашык кургатылган чөптү 200мл кайнак сууга чылап, 15-30 минута демдеген соң, майда чыпка менен чыпкалап, балага берүү сунушталат. Суусундукту анча көп эмес порция менен берип, даярдалган көлөмдү 2-3 жолку колдонууга жеткирсе болот.
  2. Гречка балы. Бир колдонгондо бир чай кашык менен тилдин алдына салып, акырындап соруп пайдаланса жакшы болот. Ушинтип бир күндө төрт маал. Ал эми, эгер бала мындай пайдалануудан баш тартса, анда 1-2кашык балды стакан сууга эритип, ага 0, 5 чай кашык жаңы сыгылган лимон ширесин кошуп койсо да болот.
  3. Сүт «коктейли». Сода жана каймак май кошулган жылуу сүт, бул жөтөлдү жумшартуу боюнча эчак текшерилген ыкма. 200 мл суюктукка 0,5 чай кашык сода жана 1 аш кашык каймак майды аралаштырып, көбүнэсе, уктаар алдында ичип жаткан дурус болот.

Оору учурунда балдар өзгөчө чыр (каприздүү) болуп, тамак-ашка табыты жок болот. Наристени эркелетүү менен бирге, ага инжир таттуу мөмөсүн алып берсеңиз жакшы. Жаңысын, болбосо, кургатылган түрүн да колдонууга мүмкүн. Аны ысык сүткө салып жана каймак май менен балга кошуп, аралаштырса да максатка ылайыктуу.

Дем алуу жолдорун жылытып, жабышкак былжырчаларды чыгарууну активдештиргенге ингаляция жакшы жардам берет. Жакшы, эгерде ыңгайлуу беткап (маска) менен жабдылган ингаляция болсо, бирок,  бул процедураны баардык ылайыктуу, колдо бар каражаттарды пайдаланып жасай берсе да болот.

“Картөшкө менен дем алуу” – бул эчактан бери сыналган, текшерилген чоң аталардын ыкмасы. Ал үчүн 4-6 картөшкөнү кабыгы менен буулап бышырып, анан аны бош идишке салуу керек. Андан соң, балаңызды бууланган карошкөнүн жанына отургузуп, үстүн шалча менен жаап койсоңуз болот. Баланын иши  –  өйдө көтөрүлгөн буу менен 5-7 минута аралыгында дем алып отуруусу керек болот.

Жөтөлдүн биринчи белгилери келип баштаганда горчица кошулган ысык ваннага түшүү жакшы жыйынтык бере алат. Жылуу ванна денедеги терең жылуулантууну камсызкылат, ал эми горчицанын күкүмү бактериоздук таасирин берет. Ванна кабыл алып бүткөндөн кийин, баланын буттарын жылуу кармаш үчүн, ага жылуу жүн байпак кийгизүү ылайыктуу.

 

Горчичный пластырь менен жасалган копресстер да оңой-олтоң жардам бербейт! Жылуу сууга чыланган пластырды  көмкөрөсүнөнжатканбаланын эки далысынын ортосуна жабыштырып, жумшак салфетка менен жаап, анын “күйгүзгөн” таасирин сезгенче, 4-6 минута убакытка калтырып коюу керек.

Аны акырындык менен, баардык тартиптерди сактап колдонуу керек. Мүмкүн болушунча, бул ыкманы дарыгердин сунушу менен жасаган оң, анткени, анын тескери көрүнүштөрү (противопоказаниясы да) жок эмес.

Жөтөлү кармаган баланын абалына  анын көкүрөгүн жана далы туштарын массаждоо жардам берүүсү толук ыктымал. Ошону менен эле катар, массаж ички органдардагы микроайланууларды (циркуляцияны)күчтөндүрүп, иммунитетти бекемдөөнү ылдамдатат.

Сасык тумоого каршы массажды жасоодо төмөнкү техникаларды колдонуу ылайык:

  • сүрүү-сыйпоо (растирание)– өтө баспастан, алакан менен денени сылап-сыйпоо;
  • сүрүү, сыйпоо – өзгөртүлгөн басымда, кол менен жасалган үзүлгөн кыймылдар;
  • сүрүү, сыйпоо– алакан менен бир аз басым жасап, манжалар менен кылынган сылап-сыйпоо (поглаживание).

Сүрүү, сыйпоонун таасирин жогорулатуу максатында эфир майларынын негизинде камфора,эвкалипт, гвоздикадан жана жалбыздан жасалган майды колдонушат. Массаж аяктаган соң баланы жылуу одеалга ороп 30-40 минутага калтырган оң.

 

 

 

 

Skip to toolbar
Developed by WEBKITCHEN agency