Оорунун тобокелчилигин минимумга төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген жөнөкөй 12 эреже!

Кайра жүз аарчыга жашынып, жөтөлүп жана дене температурасы көтөрүлүп жатканын сезип жатасызбы? Ден соолугу чың кесиптешиңишди карап,  анын акыркы жолу ооруганын көргөнүңүздү эстеп, «Эмне үчүн?» — деп өзүңүздөн сурап жатасызбы. Анын сыры эмнеде?
Аз ооруган адамдар оорунун тобокелчилигин минимумга төмөндөтүүгө жана организмдин коргоо реакциясын жогорулатууга мүмкүндүк берген кээ бир эрежелерди сакташат Төмөнкү эрежелерди карап көрсөк:

  1. Утур-утур колдуу жууп туруу
    Колду жууп туруу оорунун тарашын жана грипп вирусунун, респиратордук инфекциялардын жана башка инфекциялык оорулардын жугушун алдын алуунун жөнөкөй жана ошол эле мезгилде эффективдүү ыкмасы болуп саналат. Бетиңизди көп эле кармай бербеңиз, анткени ал вирустардын жана микробдордун өтүшүнүн эң жайылтылган ыкмасы. Сезондук вирустук активдүүлүк күчөгөн учурда өзгөчө этият болуш керек.
  2. Желдетүү
    Желдетилбеген жабык бөлмөлөрдө дайыма көп сандагы микробдор жана аллергендер топтолот, ал оорунун жайылуу жана жөтөл жана чүчкүрүү сыяктуу аллергиялык реакциялардын болуу мүмкүндүгүн жогорулатат.
  3. Сарымсакты колдонуу менен тамак даярдоо
    Көптөрү эсептегендей, сарымсак гипертонияны дарылоодо гана жардам бербестен, иммундук тутумга эң жакшы дем берүү касиетине ээ, ошондуктан дарыгерлер жана диетологдор кулинирияда болушунча көбүрөөк колдонууну сунуш кылышат.
  4. Стресстик жагдайларды алыс болуу
    Стресс иммундук тутумга терс таасирин тийгизет, ал оорулардын жеңил жугушуна жана организмге оорудан айыгууга керектелген убакыттын узарышынаалып келет. Ошол үчүн адам стресстик жагдайда же өтө кайгыга батып жаткан учурда көп оорушат. «Стрессти контролдогонго» аракет кылгандар өз организмин кошумча коргоп аз ооруурун лимпоздор далилдешти.
  5. Тамеки чегүүдөн баш тартуу
    Тамеки чегүүдөн келип чыккан ар түрдүү рак жана бронхит түрлөрүнөн тышкары, ал организмдин дем алуу функциясына жолтоо жана дем алуу жолдоруна инфекциянын киришине себепкер болот Кандай болбосун респиратордук оорулар менен жөнөкөй адам жеңил күрөшө алат, ал эми тамеки чегүүчүгө оорунун ар түрдүү ооруларга өтүшүп кетишине алып келүү мүмкүндүгү бар.
  6. Бөлмөлөрдө тартипти жана тазалыкты сактоо
    Вирустар жана бактериялар жөтөл жана чүчкүрүк менен гана таралбайт. Алар телефон трубкасында, компьютер мышкасында, клавиатурада, үстөлдөрдүн бетинде жана эшиктердин туткаларында көпкө чейин калышы мүмкүн. Утур-утур бөлмөнү тазалоо жугуу тобокелчилигин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
  7. Киши көп жерлерден алыс болуу
    Көп киши болгон орун жайларда вирустук оорулардын жугушуна алып келиши мүмкүн. Өзгөчө вирустук активдүүлүктүн жогорулоо мезгилинде жана сезондук респиратордук оорулар күчөп турганда адамдар көп жерлерде болуудан алыс болуу зарыл.
  8. Антибактериалдык каражаттарды колдонуу
    Агын сууга жана самын жокто колду таза кармоонун эң мыкты ыкмасы, бул антибактериалдык гелдердин, суюктуктардын же майлыктардын жардамф менен тазалоо. Дезинфекциялоочу каражаттар жөнөкөй самын менен колду жууганга караганда, бактериялардын жана вирустардын өтүшүнө тоскоол болуп, узак мөөнөттүү коргоону камсыз кылат.
  9. Жашылча жана жер жемиштерди тамак-ашта колдонуу
    Витаминдерге бай жашылча жана жер жемиштер чың ден соолук жана күчтүү иммунитетти камсыз кылат. Сезондук оорулар күчөп турган мезгилде иммундук тутумдун бирден бир жардамчысы – цитрустарда, киви жана болгар калемпиринде көп санда камтылган С витамини.
  10. Спорт менен машугуу жана дене тарбия
    Спорт менен машугуу жана дене тарбия иммундук тутумду чыңайт, бирокөзүңдү кыйнап, күч келтирбеш керек, баары орду жана тартиби менен болууга тийиш.
  11. Жетиштүү убакыт уктоо
    Тез айыгуу менен уйкуга бөлүнгөн убакыттын ортосунда байланыш бар экендигин илимпоздор изилдеп далилдешти. Жетишсиз уйкудан организм жабыркайт, жана ал вирустарга эффективдүү каршылык көрсөтө албайт. Уйкусун кандырган адамдар аз ооруйт жана оорудан тез айыгышат.
  12. Дарыгердин жазып бергени боюнча медициналык препараттарды колдонуу
    Дары каражаттарын ашыкча колдонуу иммундук тутумдун коргоо механизмдерин бузат. Эч качан өз алдынча дарыланууга жана дарыгер белгилебеген таблеткаларды же башка медициналык препараттарды колдонууга болбойт!

Ушул жөнөкөй эрежелерди сактоо сиздин иммундук тутумуңузду колдоого жана организимиңиздин коргоо күчтөрүн чыңоого жардам берет. Көңүгө алыңыз жана Сиз  жылдын суук мезгилдеринде күчтүү жана ден соолугуңуз чың болот !

Skip to toolbar
Developed by WEBKITCHEN agency