СТРЕПТОКОК ИНФЕКЦИЯСЫ: ИНФЕКЦИЯ ЖУККАНДАН АЙЫККАНГА ЧЕЙИН

Стрептококтор – лактобацилл тобундагы бактериялар 3 типке бөлүнөт:
• альфа — гемолитикалык стрептококтор
• бета – гемолитикалык
• гемолитикалык эмес гамма – стрептококтор
Тамак оорунун негизги себептерин эритроциттердин гемолизине алып келе турган бета – гемолитикалык стрептококтор түзөт.

Стрептококтордун жардамы менен пайда болчу негизги оорулар:
• ангина (стрептококтук тонзиллит)
• ларингит (стрептококтук)
• фарингит
• тонзиллофарингит

Көпчүлүк учурда оору 6 жаштан 14 жашка чейинки балдарда болушу мүмкүн. Жаңы төрөлгөн балдарда бул оору көрсөткүчтөрү бир катар төмөн. Чоң кишилерде болсо, бул көрсөткүч эпидемиялык мүнөзгө ээ ОРВИ ооруларынын таркатылышына карата ар кандай болот.

Стрептокок инфекциясынын жаралуу себептери жана жугуу ыкмалары

Балдардын оору жуктуруу ыкмалары:
• жаңы төрөлгөн балдар, алгач, оорулуу энелеринен жуктуруп алуулары мүмкүн;
• ОРВИ (Острое респираторное вирусное заболевание- (КРВО)курч респиратордук вирустук оору) менен бирге иммунитеттин жабыркаланышы жана стрептококтук бактериялардын санынын көбөйүүсү;

  • бактериялуу адамдар менен болгон контакттардан улам ( шамалдабаган бөлмөдө узак убакыт бою созулган контакт учурунда аба-тамчы жолу менен, оюнчуктар менен ойногон учурларда, ж.б. лар аркылуу);

Чоң кишилердин оору жуктуруу ыкмалары:

• тамеки тартуу жана зарына кесепеттери тамактын чел кабыкчаларындагы бир катар өзгөрүүлөрүн пайда кылып, оорунун өнүгүүсүнө көмөкчү болуп баштайт;

  • иммундук дефицит;
    • айрым дары-дармектерди кабыл алуудан улам;
    • химеотерапия
    • медициналык мекемелерден жуктуруу.

Диагностика жана симптомдору

Өз алдынча диагностикалануудан жана дарылануудан абайлаш керек, анткени, стрептокок инфекциясы менен жабыркаланган адамдын диагностикасын дарыгер гана койо алат.

Ар түрдүү категориядагы пациенттердин арасындагы стрептокок инфекциясы жана анын симптомдору:

  1. Жаңы төрөлгөн балдар (6 айга чейинки куракта): көп ыйлоо жана чырлоо, тамак ичүүдөн баш тартуу, көңүл айнуу, мурундан аккан саргыч-жашыл түстөгү суу-чимкирик, кусуу жана жогорулаган температура.
  2. 3 жаштан 10 жашка чейинки балдар: табиттин түшүүсү, алсыздык, моюндагы лимфоузелдин чоңоюусу, баш оору, жөтөл жана тамак оорусунун байкалышы, бийик температура (40 градуска чейин). Тамак түтүктөрүндөгү чириктин жука кабатынын пайда болуусу жана миндалиндин (тамак безинин) кызаруусу.
  3. Чоң кишилерде: жогоруда айтылган баардык белгилер байкалат, субфебрильдик температура жана тамактын шишүүсү.

Иммунитеттери төмөн жана алсыз адамдарда бул оорунун,  отит, гайморит, бронхит, пневмония, миокардит, менингит, остеомиелит жана, ал тургай, сепсиздин өнүгүүсүнө алып келүүчү татаалдашуу коркунучу бар.

Стрептокок инфекциясын дарылоо

Стрептокок инфекциясы аркылуу жаралган ооруларды дарылоонун негизги терапиясы, бул антибиотиктерди пайдалануу.
Дарылануу мөөнөтү бир жумадан он күнгө чейин созулат. Дары препараттарын дайындоо бул инфекциянын түрлөрүнө, сыркоонун оорлугуна жана адамдын өзүнүн дары-дармекке болгон мамилелерге карата жасалуусу мүмкүн.

Пенициллин тобундагы жана антибактериалдык препараттарды ( цефалоспориндер жана макролиддер тобундагы) ж.б. антибиотиктерди колдонсо болот. Оорунун күчөгөн формаларында  аминогликозиддерден кошсо болот.

Негизги препараттардан сырткары, симптомдорду нейтралдаштырууга жөндөмдүү төмөнку каражаттарды колдонсо да болот:

  • ысыкты төмөндөтө турган каражаттар;
    • мурунга колдонулуучу антисептиктер жана кан тамырларды кысуучу каражаттар;
    • ингаляция үчүн физраствор;
    • спрейлер жана сордуруучу төшөлмөлөр.

Оорунун өнөкөттүгүнөн сактануу үчүн дарыгер тарабынан сунушталган дарылануунун толук курсун өтүү керек болот. Көп суюктук ичүү, эс алуу жана ар дайым ооз көңдөйүн чайкап туруу талап кылынат.

Оорунун жукпоосуна туура тамактануу, денени чыңдоо, спорт менен машыгуу, үйлөрдөгү тазалыкты сактоо, жаман көнүмүш адаттардан алыс болуу жана туура гигиенаны сактоо жардам берет.

Skip to toolbar
Developed by WEBKITCHEN agency