ТЕМПЕРАТУРА. ТЕМПЕРАТУРА МЕНЕН КҮРӨШСӨ БОЛОБУ?

Азыркы заманда адам көп жашаган аймактардагы тургундар, көпчүлүк учурларда, сасык тумоо ооруларына, дене-бойго терең сиңип, чоң масштабдуу жана жагымсыз формага өтүшмөйүнчө, көп деле көңүл бурбайт.  Сасык тумоонун эң оор белгилеринин бири катары дененин температурасынын жогорулашын эсептесе болот.

Нормалдуу температура катары, адатта, 36,6 Cº ныкабыл алышат. Бирок, бул андай эмес. Нормалдуу температура, эгерде адам өзүн жакшы сезип, эч кандай оору белгилерин байкабаган шартта, 36,0 – 37,5 Cº чектеринде өйдө-ылдый боло берет. Кечке маал, таң эртеңкиге салыштырмалуу, бир аз жогору болуусу мүмкүн. Качан температура жогорулаганда, организмдин инфекцияга каршы коргонуу реакциясы ишке киришти деп да койсо болот. Инфекциялык процесс, адатта,  ОРВИ же грипп ооруларынан улам өөрчүп баштайт. Эгерде бул ооруларды өз убагында дарылабаса, ар кандай татаалдашуулар болушу ыктымал.

Эмненин негизинде баш оору, 37 Cº температура жана алсыздык башталат?

Дененин температурасы төмөнкү себептерден уламөзгөрүп туруу касиетине ээ:

  • Бир күн аралыгында: эртең менен— минималдуу, кечке маал — максималдуу;
  • Физикалык активдүүлүк: тынч абалда жана уйку маалында— төмөндөйт, жогоруфизикалык жүктөлүү учурунда — көтөрүлөт.
  • Көпчүлүк учурда,өзгөрүү менструалдык цикли башталган аялдарда байкалат.

 

Алсыздык, баш оору жана температура 37 Cº, бул организмдеги сезденүү процесси башталганынан кабар берип турат. Жогорку температура – ОРВИ, ангина, пневмония жана башка кеңири жайылган оорулардын симптому. Эгерде 38,5 С°дан ашпаса, дененин температурасын түшүрүү аракетин жасоого шашыштын кереги жок. Организмди коргонуу реакциясынан ажыратуунун кереги жок. Температураны түшүрүүнүн бир нече ыкмалары бар. Оорулуу адамдын абалын жакшыртып, табынан чыгаруу үчүн дарыгерлер тапты(температураны) төмөндөтүүчү каражаттарды сунушташат. Бирок,аларды пайдалануу баардык учурдаэле мүмкүн эмес. Мындай учурларда медикаментоздук эмес, бирок, ошол эле учурда, андан аз эмес эффективдүү болгон ыкмалар менен колдонуу максатка ылайык. Төмөндө, алардын бир нечеси тууралуу таанышабыз.

Температураны түшүрүш үчүн, адатта, кийимди чечип, денени нымдуу кол жоолук менен сүрткүлөө жетиштүү болот. Албетте, дененин терисин, бетти, колу-бут учтарын абайлап сүртүү керек. Ошондой эле, аба желдеткичтин жардамы менен бөлмөнү бир аз желдетүү максатка ылайык. Анын таасирин жогорулатыш үчүн сууга бир нече тамчы ашкана уксусунан, же арактан 1:1 пропорциясында кошуп койсо болот. Балдардын денесин, мүмкүн болушунча, бөлмө температурасындагы суу менен жасаган жакшы.

Музду жабыштырып суутуу өзгөчө эффект берет. Температураны түшүрүү үчүн музду кичинекей бөлүктөргө майдалап, полиэтилен баштыгына салып, ири кан тамырлар жайгашкан жерлерге -чекеге, колтук жерлерге, чаттагы бырыштарга, тизе чуңкурчаларына- жабыштыруу керек.

Ашкере муздатып жиберүүдөн сактануу үчүн тери менен муздун ортосуна катталган кебез кол жоолукту салып коюу керек. Муз коюну, мүмкүн болушунча, 5-7 минутадан ашырбаш керек; Болжол менен, 15 минутадан кийин процедураны кайталаса болот.

Каныгып суюктук ичүүнү унутпаңыз. Анткени, дененин жогорку температурасы бар учурда уулуу заттарды чыгаруу максатында оорулууга тердөө мүмкүнчүлүгүн жаратыш керек (тер, белгилүү болгондой,  жогорку суутуу касиетине ээ). Суюктук оору кезде уулуу заттарды активдүү түрдө организмден сыртка чыгарат, ошондой эле, тердеген сайын азайган дене суюктугун калыбына келтирет. ОРВИ, грипп жана башка инфекциялык сезденүү ооруларын дарылоодо тер бөлүп чыгарууну күчтөндүргөн  «С» витаминдери менен бай, малина вареньеси кошулган чай, ошондой эле, ар түрдүү компоттор жана ит мурундун, кургатылган мөмө-жемиштердин сорпосу сунушталат. Курамына дары өсүмдүктөрдүн ширеси (экстракты) кирген Инсти® өсүмдүк препаратын колдонуу “сасык тумоонун” алгачкы белгилери менен эффективдүү күрөшө алат. Суусундукту шашпай, жай, аз-аздан, куску келбегендей кылып, ууртап ичүү керек. Ысып турганыңызды сезсеңиз, суусундукту жылуу  (болжол менен 30 ̊ С), ал эми чыйырканып турганда ысык ичүү туура болот. Ичтеги температура менен бөлүшүш үчүн бөлмөдөгү аба мээлүүн (18 ̊ С дан жогору эмес)  болуу керек.

Натуралдуу ысыктыкты төмөндөтүүчү каражаттар жөнүндө да эстен чыгарбаш керек. Натуралдык антипиретик болуп, өзүнүн ысыктыкты төмөндөтүүчү касиеттери менен температурага каршы турууга жөндөмдүү болгон мөмө жемиштер жана өсүмдүктөр саналат.

Мындай өсүмдүктөрдүн биринчи тобу аспириндин курамына кирген, бирок, аз концентрацияланган  салицил кислоталуу өсүмдүктөрдөн турат. Бул кулпунай, малина, чие, кара жана кызыл карагат, кара өрүк, апельсиндер. Жер жемиш жана мөмө жемиштерди, албетте, ар кандай түрдөжей берсе жарашат, бирок, чайга кошулган морс жана варенье түрүндө ичсеңиз дурусураак болот.

Инсти® көп компоненттүү өсүмдүк препараты, салицил кислотасынын жаратылыштагы салицин аналогу катышкан  ак иванын курамына кирет. Инсти® өсүмдүк препараты орточо  ысык чыгаруучу касиетке ээ.

Антипиретиктердин экинчи тобу – тер чыгаруучу эффекттери бар өсүмдүктөр: душица, “ак кайың бөйрөгү” (“березовые почки”), календула, липа гүлү (липовый цвет). Кадимки бал да антипиретик болуп саналат. Ал өз ичинде салицил кислотасын да камтыган, ошондой эле, тер чыгаруу эффекти бар күчтүү антипирет болуп эсептелет.Андан сырткары, бал иммунитетти бекемдейт, ошону менен бирге антибактериалдык жана вируска каршы таасирди камсыз кылат.

Ар бир натуралдуу антипиретиктерди абайлап ичүү керек, анткени, алардын баары аллергияны чакырууга жөндөмдүү. Акырында белгилей турган нерсе, медикаментоздук эмес  каражаттар менен температураны түшүрүү,  бул, тез чара жардам катары, туруктуу гипертермиянын башка каражаттарына “баш ийбеген”шарттарда  колдонууга руксаатберилген ыкма.

Бирок, температураны төмөндөтүү, дарыгерге кайрылып, дарылоо курсун алуу мүмкүнчүлүгүңүздү четке какпайт.

Медициналык өзгөчө жардам кызматынын сунуштары боюнча,дене  ысыганда, тап түшүрүүчү терапияны дененин температурасы 38,5Cºдан жогору болгон учурда гана жүргүзүп башташ керек.

Skip to toolbar
Developed by WEBKITCHEN agency