100% анологдору жок Herbion Naturals компаниясынын препараттары атайын формула боюнча иштелип чыккан. Окшош таариси менен, бирок башка компоненттери менен кээ бир препаратар бар.
Herbion компаниясынын бардык препараттары чөптөрдүн негизинде жасалган жана өзүнүн курамында табигый компоненттерди гана камтыйт.
Herbion Naturals препараттарын өндүрүү үчүн колдонулган сырьенун бардыгы Пакистандан жана Индиядан сатып алынат. Бул үчүн өлкөлөрдө бардык зарыл болгон шарттары бар – кандай болбосун пестициддер же өнөр жай калдыктары менен булганбаган түшүмдүү жер, жагымдуу климаттык шарттары, эзелтен бери келе жаткан өсүмдүк сырьесун өстүрүү салттары. Пакистанда өнөр жай өнүккөн эмес, калктын 70–75% агрардык тармакта алектенет. Компаниянын принципиалдуу саясаты өндүрүш жайгашкан өлкөдөн сырьену сатып алуу болуп саналат. Бул чыгарылган препараттардын сапатын контролдоого мүмкүндүк берет.
Өсүмдүк негизиндеги препараттар адатта көп компоненттүү жана курамында бир нече жумшак кумулятивдик (топтомо) таасири менен дары өсүмдүктөрүн камтыйт жана көп учурда ден соолукка коркоунучтуу эмес. Узак, үзгүлтүксүз колдонууда дарыгер менен кеңешүү зарыл.
Herbion компаниясы сырьедон баштап даяр продукцияга чейин, өндүрүш процессинин бардык этаптарында өзүнүн продукциясынын сапатына дайыма кам көрөт. Өндүрүш каражаттары жана өндүрүлгөн дары препараттарынын сапаты эл аралык GMP стандарттарына ылайык келет. Өндүрүштө жогорку квалификациялуу адистер иштеген сапатты контролдоо бөлүмү түзүлгөн, дайыма жана эффективдүү сапат контролун жана стандартизацияны жүргүзүүгө мүмкүндүк берген бардык зарыл болгон жабдуулар бар. Дайыма технологиялык процесстин ар бир этапында контроль болгондуктан компания чыгарылган препараттардын жогорку сапатына кепилдик берет, бул негизги максатка жетүүгө –эффективдүү, жогорку сапаттагы дары каражаттарына болгон калктын талаптарын канааттандырууга мүмкүндүк берет.
Грипптен жана суук тийүүдөн препараттардын катарында кантсыз Линкас сиропу бар, ал сахарозаны камтыбайт жана кант диабети менен ооругандар, ошондой эле гипокалориялык диетада отурган пациенттер колдоно алат. Ичээрден мурда дарыгер менен кеңешүү зарыл.
Ушул пациенттерге колдонуу боюнча изилдөөлөр аз болгондуктан кош бойлуу жана эмчек эмизүү мезгилинде препаратты колдонууга сунуштабайбыз. Деталдуу маалымат алуу үчүн дарыгерге кайрылыңыз.
Бир учурда башка дары каражаттары менен бирге Herbion Naturals препараттарын колдонуу ылайыктуу эмес.
Кандай болбосун башка дары каражаттары менен бирге бир учурда ичүү зарыл болсо, дарыгер менен кеңешүү керек.
Химиялык препараттарга караганда өсүмдүк негизиндеги дары каражаттар көбүн эсе коопсуздуу, ошондуктан 1 жаштан өткөн балдарга берсе болот. Өсүмдү негизиндеги препараттардын таасири жумшагыраак жана эң негизгиси – бул табигый препараттар. Бирок кээ бир дары компоненттерине болгон жекече көтөрө албоо болушун унутпоо керек. Ошондуктан, колдоноордон мурда дарыгерге кайрылыңыз.
Бардык Herbion Naturals препараттары - бул дары каражаттар жана бир топ каршы көрсөтмөлөрү бар. Алардын ичинде : препараттын белгилүү компоненттерине жогорку сезгичтик; кант диабети; жүрөктүн органикалык бузулуусу (миокардит, перикардит, инфаркт миокарда), артериалдык гипертензия; боор жана бөйрөк функцияларынын бузулушу; семирүүнүн оор деңгээли.
Колдоноордон мурда дарыгердин кеңеши зарыл.
Негизи өсүмдүк негизиндеги препараттар автотранспортту же башка транспорт каражаттарын башкарууда реакциянын ылдамдыгына таасирин тийгизбейт, бирок кээ бир препараттардын белгилүү компоненттери көңүл бөлүүнүн төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.
Эгер реакциянын жайлашын, баш айланууну же транспорт каражаттарын башкарууга таасирин тийгизген башка симптомдорду байкасаңыз препаратты ичүүнү токтотуу жана дарыгер менен кеңешүү зарыл.
Herbion Naturals компаниясынын препараттарын өлкөнүн дарыканаларында сатып алса болот.
Өзүнүн заманбап өндүрүштүк бирикменин статусун ийгиликтүү көрсөткөндөн кийин компания GMP сертификатын, ошондой эле ISO 9001-2008, ISO 14000, ISO 22000 жана CE сертификаттарын алды.
GMP (Good manufacturing practices) Сертификаты – өндүрүшчүлөр өзүнүн продукциясынын керектүү сапат, коопсуздук, тазалык, чыныгы жана эффективдүүлүк деңгээлине ылайык келишин камсыз кылуу үчүн сактаган ченемдер тутутуму. GMP Сертификаты продукция башка заттардын кошулуп кетишине жол бербеген, ошондой эле жарактуулук мөөнөтү ичинде бардык касиеттеринин сакталышына кепилдик берген тийиштүү түрдө таңгакталган шарттарда, талап кылынган курамга так ылайык өндүрүлгөн экендигин билдирет.