Жөтөлдү дарылоо учурундагы колдонулуучу өсүмдүк препараттар

Көпчүлүк, жөтөлдү жеңилдетүүчү жана башка, ОРВИ, грипп, бронхит, трахеит, трахеобронхит жана пневмония сыяктуу, адатта, дем алуу системасына таасир берген симптомдорго жардам берчү дары каражаттарынын теги жаратылыштык болот.  Натуралдык дары-дармектердин курамында миң жылдар бою адамдар ар кандай оорулардан айыгуу үчүн колдонуп келишкен пайдалуу өсүмдүктөрдүн экстракты жана эфирдик майлары сакталган. Чындап эле, өсүмдүк тектүү препараттар ылдамыраак жөтөл оорусунан айыгууга жардам береби?

 

Өсүмдүк препараттары деген эмне?

Азыркы учурда дарыканаларда дарыгердин рецепти жок эле бериле турган жаратылыштык жана химиялык көптөгөн препараттар бар. Аларды рынокко чыгаргандардын пикиринде, мындай препараттар жөтөл менен коштолгон ар кандай сасык тумоо ооруларына каршы симптомдорго колдонулуучу препараттар болуп саналат. Бирок, көп пайдалануучулар синтетикалык эмес, курамына бир нече жаратылыш өсүмдүктөрүнөн жасалган компоненттер кирген, жумшак жана тескери тааирлери аз жаратылыш препараттарына көбүрөөк артыкчылык беришүүдө.

Азыркы учурда адамдар көп нерселерди туура баамдап, сасык тумоодон, грипптен жана бронхит ооруларынан эмне менен дарыланса болот дегендей, көп нерселерди билип калгандай көрүнгөнү менен, “өсүмдүк тектүү дары препараттар” жана “ден-соолукка пайдалуу азык-заттар” деген түшүнүктү чаташтыргандардын саны, али да болсо, көп. Мисалы, эл ичинде сасык тумоо, ОРВИ, грипп, бронхит жана башка ооруларды натуралдык– пияз, чеснок, имбир же лимон сыяктуу, азык-заттардын жардамы менен эле айыктырып алса болот деген ой-пикирлер бар. Чындап эле, бул азык-заттар ден-соолукту сактоо үчүн абдан пайдалуу! Аларды иммунитетти көтөрүү жана организмге вирустук инфекциялар кирип кетүү коркунучтарынан сактануу максатында, вирустук инфекция ооруларынан алдын ала профилактика катары колдонсо болот. Ал эми инфекциялык атака организмге өтүп кеткен чакта пияз дагы, чеснок дагы, тилекке каршы, жардам бербейт. Мындай учурда, фармацептикалык компаниялар тарабынан, эң акыркы заманбап технологиялардын жардамы менен чыгарылган, вирустарга каршы каражаттарды колдонуу максатка ылайык. Азыркы учурдагы официалдуу (расмий) медицина, чындап эле, дары чөптөрдү көптөгөн ооруларга каршы,  анын ичинде, дем алуу органдарына байланыштуу ооруларды дарылоо үчүн ийгиликтүү пайдаланса болоорун мойнуна алат. Алар таза чөп катарында да, жаратылыш (натуралдуу) дары каражаттарын (сироптор, майлар, пастилка) жасоо үчүн сырьёлук материал катары дагы пайдаланылса болот.

 

Фармацептикалык өндүрүштө дары-дармектерди даярдоо үчүн терапиялык таасирлери аныкталган, көптөгөн илимий изилдөөлөрдөн улам тастыкталган гана дары чөптөр пайдаланылат. Сырье катары жалбырактар, өсүмдүктүн өзөктөрү, гүлдөр, чөптүн мөмөлөрү жана тамырлары, чычрканактар жана дарактар колдонулат. Белгилүү болгондой, өсүмдүктүн ар кандай бөлүктөрү ар кандай өлчөмдөгү пайдалуу заттарды камтып, демек, терапиялык таасирлери да, айрым учурларда, өтө кескин айырмаланышы мүмкүн. Ошол себептүү, конкреттүү ооруну дарылоо, же, мисалга,  жөтөл, сасык тумоо, жогорку температура сыяктуу симптомдордун белгилерин жеңилдетүү үчүн, дары-дармектин курамына, дарынын тигил же бул, касиетин чыгарган бөлүктөрүн (мисалга, жалбырактарын же гүлдөрүн) кошуу керек болот. Көпчүлүк учурларда дары-дармек каражаттарын даярдоо үчүн өсүмдүктөрдүн экстракттары (сыгылып алынган пайдалуу бөлүгү) колдонулат. Анткени, так ошол экстаркттарда конкреттүү ооруларды айыктырууга керектүү заттар топтолгон. Терапиялык таасирин күчтөндүрүү үчүн алардын курамына бир учурда эле бир нече ар түрдүү экстракттардын кошулуусу мүмкүн. Мисалга, Линкас ширесинин препарат топтомуна, жогорку жана төмөнкү дем алуу түтүкчөлөрүндөгү инфекциялык сестенүү ооруларынын негизги симптому болуп саналган жөтөл менен күрөшүүдө эффективдүүлүгүн көрсөткөн он экстракт кирет.

 

Жөтөлдү өсүмдүк препараттарынын жардамы менен дарылоо

Сасык тумоонун же курч респиратордук вирус инфекциясынын (ОРВИ) жаралышын кабарлаган дем алуу органдарына байланыштуу биринчи симптомдор пайда боло баштаганда, сөзсүз түрдө, туура диагноз койгон дарыгер менен байланышып, абалды жакшыртуу үчүн кандай медициналык препараттарды кабыл алуу боюнча кеңешүү зарыл. Какырыктын чыгуусу кыйын болгон жөтөлдүн симптоматикалык терапиясы катары, таблетка, капсула, гранулдар, май, суспензии, ар кандай ширелер сыяктуу, ар түрдүү формада чыгарылган  өсүмдүк тектүү препараттарды колдонуу керек.

Фармакологиялык компания Херибон өсүмдүктөрдүн негизинде Линкас ширесин чыгарат.Бул препараттын курамына дары чөптөрдүн он чакты экстракттары кирет. Ар бир компоненттин активдүү, бирин бири кошумчалап, бирин бири күчтөндүрүп турган заттарынын абдан кытыр тандалуусунан улам, Линкас ширеси өтө жогорку терапиялык таасирликке ээ. Бул шире жумшак бронхолитикалык, муколитикалык, какырык чыгаруучу жана тынчтандыруучу таасир берип, какырыктын илээшчектигин азайтат жана чыгуусун жеңилдетет да, жөтөлдүн күчөөсүн азайтат.

Линкас ширесинин курамында спирт жок жана жагымдуу даамы бар, бул чоң кишилерди эле эмес, алты айлык балдардан баштап, баарына дарылоого ыңгайлуу шарт түзөт. Линкас ширесинин мынчалык коопсуздугуна карабастан, кабыл алуудан мурун кунт коюп, анын артыкчылыктары эле эмес, терс жана кошумча таасирлери көрсөтүлгөн көрсөтмөлөрү менен таанышып чыгуу керек.

Skip to toolbar
Developed by WEBKITCHEN agency