НовэксКолд

НовэксКолд

НовэксКолд, ичүү үчүн порошок, дене табын түшүрүүчү, ооруну басаңдатуучу жана шишикти азайтуучу таасирге ээ. Суук тийгенде көздөн жаш агуу жана мурундан суу агуу белгилерин жеңилдетет.

Бир пакетчеде төмөнкүлөр камтылган:

Активдүү заттар: парацетамол 325 мг, фенирамин малеаты 20 мг, фенилэфрин гидрохлориди 10 мг, аскорбин кислотасы 50 мг.

Көмөкчү заттар: сахароза (кант упасы), лимон кислотасы, лимон жыпар жыттандыргычы, кальций фосфаты, натрий цитраты, алма кислотасы, титан диоксиди.

  • Суук тийүүнүн жана сасык тумоонун белгилерин жеңилдетүү;
  • Дене табынын жогорулашы;
  • Баш оору;
  • Чыйрыгуу;
  • Муундардын жана булчуңдардын оорушу;
  • Мурундун бүтүшү;
  • Мурундун кошумча көңдөйлөрүнүн жана тамактын оорушу.

Ичүү үчүн эритме даярдоого арналган порошок.

1 сашенин (пакетченин) ичиндегисин чыныга салып, үстүнө ысык суу куюп, толук эригенге чейин аралаштырыңыз. Зарыл болсо, муздак суу жана кант кошсо болот.

Чоңдорго: ар бир 6 саат сайын 1 пакетчеден. 24 сааттын ичинде 4 пакетчеден ашык кабыл алууга болбойт. Препаратты 4 сааттан кем аралыкта кабыл алууга болбойт.

12 жаштан жогорку балдарга: ар бир 6 саат сайын 1 пакетчеден. 24 сааттын ичинде 3 пакетчеден ашык кабыл алууга болбойт.

12 жашка чейинки балдарга дарыгердин көрсөтмөсүсүз препаратты берүүгө болбойт.

Дарыгер менен кеңешпестен препаратты 5 күндөн ашык колдонуу сунушталбайт. Эгерде оорунун белгилери сакталса, дарыгерге кайрылыңыз.

Медициналык колдонуу боюнча нускамасы менен бирге картон кутуга салынган 10 пакетче

Дарыгердин рецептисиз берилет

Developed by WEBKITCHEN agency