Новэкс Парацетамол

Новэкс Парацетамол

Парацетамол (лат. Paracetamolum — анилиддер тобундагы дары-дармек  антипиретик жана анальгетикалык таасир берет.

Ар бир 5 мл суспензия төмөнкүлөрдү камтыйт:

Активдүү зат: Парацетамол (БФ)120 мг.

Cасык тумоону, инфекциялык-сезгенүү жана суук тийүүнү симптоматикалык дарылоо, ысытма, баш оору, курч ринит, мурундун бүтүшү, чүчкүрүү, булчуңдардын оорушу, ар кандай генездеги аз жана орточо интенсивдүү оору синдрому (анын ичинде баш оору, Шакый, тиш оору, невралгия, миалгия, альгодисменорея; жаракат, күйүк учурунда оору).

Ичуучу суспензия.

Балдар үчүн бир доза:

3 айдан 1 жылга чейин: 60-120 мг (2.5 мл-5 мл ) ;

1 жылдан 6 жылга чейин: 120-250 мг (5 мл-10мл), 6 дан 12 жашка чейин: 250-500 мг (10 мл – 20 мл), колдонуунун эселүүлүгү – күнүнө 4 жолу, аралыгы 4 сааттан кем эмес. Дарылоонун максималдуу узактыгы: 3 күн.

Максималдуу дозасы: күнүнө 4 бир доза.

Чоңдорго жана өспүрүмдөргө:

Салмагы 60 кгдан ашкан чоңдор жана өспүрүмдөр үчүн бир дозасы 500 мг, кабыл алуунун эселүүлүгү күнүнө 4 эсеге чейин, дарылоонун максималдуу узактыгы 5-7 күн.

Максималдуу бир дозасы 1г, максималдуу суткалык дозасы 4г;

Эгерде ысытма (дене температурасынын жогорулашы) 3 күндүк дозаны ичкенден кийин  кетпесе доктурга кайрылыңыз.

Препаратты колдонуудан мурун жакшылап чайкашат.

120 мл препаратты янтарь түстүү айнек флакондо металл капкагы менен, керексиз ачуудан коргойт.

Колдонуу боюнча нускамасы жана картон таңгактагы өлчөөчү чыны менен 1 флакон.

дарыгердин көрсөтмөсү жок.

Skip to toolbar
Developed by WEBKITCHEN agency