НовэксКолд
НовэксКолд
НовэксКолд, ичүү үчүн порошок, дене табын түшүрүүчү, ооруну басаңдатуучу жана шишикти азайтуучу таасирге ээ. Суук тийгенде көздөн жаш агуу жана мурундан суу агуу белгилерин жеңилдетет.
- Курамы
- Колдонууга көрсөтмөлөр
- Колдонуу ыкмасы
- Чыгарылыш формасы
- Дарыканалардан берүү шарттары
- Препаратты колдонуу боюнча нускама
- Сатып алуу
Бир пакетчеде төмөнкүлөр камтылган:
Активдүү заттар: парацетамол 325 мг, фенирамин малеаты 20 мг, фенилэфрин гидрохлориди 10 мг, аскорбин кислотасы 50 мг.
Көмөкчү заттар: сахароза (кант упасы), лимон кислотасы, лимон жыпар жыттандыргычы, кальций фосфаты, натрий цитраты, алма кислотасы, титан диоксиди.
- Суук тийүүнүн жана сасык тумоонун белгилерин жеңилдетүү;
- Дене табынын жогорулашы;
- Баш оору;
- Чыйрыгуу;
- Муундардын жана булчуңдардын оорушу;
- Мурундун бүтүшү;
- Мурундун кошумча көңдөйлөрүнүн жана тамактын оорушу.
Ичүү үчүн эритме даярдоого арналган порошок.
1 сашенин (пакетченин) ичиндегисин чыныга салып, үстүнө ысык суу куюп, толук эригенге чейин аралаштырыңыз. Зарыл болсо, муздак суу жана кант кошсо болот.
Чоңдорго: ар бир 6 саат сайын 1 пакетчеден. 24 сааттын ичинде 4 пакетчеден ашык кабыл алууга болбойт. Препаратты 4 сааттан кем аралыкта кабыл алууга болбойт.
12 жаштан жогорку балдарга: ар бир 6 саат сайын 1 пакетчеден. 24 сааттын ичинде 3 пакетчеден ашык кабыл алууга болбойт.
12 жашка чейинки балдарга дарыгердин көрсөтмөсүсүз препаратты берүүгө болбойт.
Дарыгер менен кеңешпестен препаратты 5 күндөн ашык колдонуу сунушталбайт. Эгерде оорунун белгилери сакталса, дарыгерге кайрылыңыз.
Медициналык колдонуу боюнча нускамасы менен бирге картон кутуга салынган 10 пакетче
Дарыгердин рецептисиз берилет

