Линкас пастилки

Линкас пастилки

Линкас пастиласы – айкалышкан препарат, анын таасири компоненттеринин касиети менен шартталган.

Тамырлуу Адхадота  муколитикалык (секреттин коюлугун жана илээшкектигин төмөндөтөт), сезгенүүгө каршы, бронхолитикалык (дем алууну жеңилдетип, бронхтордун карышын жоет), какырык чыгаруучу жана астмага каршы касиетке ээ.

 

Жөнөкөй кызыл мыянын тамырларында глицирризин, глицирризин кислотасы камтылат, анын калий жана кальций туздары, флавон гликозиттери, эфир майлары, ачуулары жана башка бирикмелери иммунитетти жакшыртуучу,  антиоксиданттык, какырык чыгаруучу, спазмолитикалык, сезгенүүгө каршы жана аллергияга каршы касиеттерге ээ.

Узун калемпир пиперин алкалоидин камтыйт; антисептикалык, сезгенүүгө каршы жана какырык чыгаруучу касиетке ээ.

Жытту Фиалка  микробко каршы таасир берет. Ысыкты төмөндөтүүчү (метилсалицилатты камтыйт), тынчытуучу, спазмолитикалык жана  сезгенүүгө каршы касиеттерге ээ. Жөтөлдү жумшартат,  дүүлүгүнү басат жана какырыктын тез чыгышына көмөктөшөт.

Дары Иссоп диосминди камтыйт жана какырык чыгаруучу, тердетүүчү, аллергияга каршы, спазмолитикалык жана диуретикалык касиеттерге ээ.

Чоң Калкан күчтүү какырык чыгаруу каражат болуп эсептелет.

  • Жөтөл симптомунун интенсивдүүлүгүн төмөндөтөт
  • Пастиланы жай соргондо, дары заттары кекиртектин былжырына бирдей тарап, тамактагы сезгенүүнү жана ооруну төмөндөтөт
  • Пастилада камтылган дары өсүмдүктөрдүн экстракттары айкалышкан какырыу чыгаруучу, сезгенүүгө каршы, антисептикалык жана ооруну басуучу таасирге ээ.

Апельсин, жалбыз, бал-лимон даамдары менен чыгарылат  

Бир таблетка төмөнкү экстракттарды камтыйт:

  • Тамырлуу Адхатода                        30.0 мг
  •   Жөнөкөй кызыл мыя                     7.0 мг
  •   Узун калемпир                               6.0 мг
  •   Жыттуу Фиалка                             2.0 мг
  •   Дары Иссоп                                    3.0 мг
  •   Чоң Калган                                     3.0 мг.

Жөтөл жана тамак оору менен коштолгон дем алуу жолдорунун ооруларын симптоматикалык дарылоо

Чоңдорго: күнүнө  1 таблеткадан   2-3 жолу

Максималдуу суткалык дозасы – 8 таблетка

6 жаштан балдарга: күнүнө  1 таблеткадан 4 жолу

Толук эригенге чейин жай соруу керек.

Дарылоо курсу– 5-7 күн.

Таңгакта 16 пастила.

Skip to toolbar
Developed by WEBKITCHEN agency