Линкас Плющ сироп

Линкас Плющ сироп

Линкас Плющ жөтөлгө каршы сиробу -өсүмдүк дары каражаты, плющтун жалбырактарынын кургак экстрактын камтыйт

Плющтун жалбырактарынын кургак маңызы жөтөл жана чыкпаган какырык менен коштолгон дем алуу жолдорунун курч жана өнөкөт сезгенүү ооруларын  бронхит,астма ,бронхоэктаздар жана өпкө кагынууну  дарылоодо  эффективдүүлүгу далилденген. Плющтун жалбырактарынын      курамында какырыкты чыгаруу жана спазмолитикалык таасир эте турган заттар бар.

Жөтөл жана чыкпаган какырык менен коштолгон дем алуу жолдорунун курч жана өнөкөт сезгенүү ооруларын дарылоодо какырык чыгаруучу каражат катары.

5 мл сироп төмөнкүлөрдү камтыйт

Активдүү заттар- чырмооктун жалбырак маңызынын порошогу 35 мг.

Ичүү үчүн:

Чондорго жана 11 жаштан улуу балдарга 5 мл (1 чай кашык) күнүнө 3 жолу.

6 дан 11 жашка чейинки балдарга 5 мл (1 чай кашык) күнүнө 2 жолу.

2 ден 5 жашка чейинки балдарга 2,5 мл (1/2 чай кашык) күнүнө 2 жолу

Же дарыгердин дайындамасы боюнча.

120 мл дары айнек флакондо.

Skip to toolbar
Developed by WEBKITCHEN agency